http://ktrk.kg/Бүгүн Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы

Бүгүн Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы

24 Окт , 10:26 50

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

24-октябрь Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы. Быйыл республиканын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 75 жыл толду. Учурда элчилерге экономикалык дипломатияга артыкчылык берүү талабы коюлган. Өлкөнүн тышкы саясатынын жаңы концепциясы кабыл алынган. Өзөгү улуттук кызыкчылыкты коргоо.

Кыргыз ССРнин Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы 17-мартта түзүлгөн. Бирок өлкө дипломаттарынын кесиптик майрамы Бириккен Улуттар Уюму уюшулган 24-октябрда белгиленет. Кыргызстан тышкы саясаттагы турумун, өлкөнүн кызыкчылыгын дал ушул уюмдун аянтчасында коргоп келет.

Адистер, талдоочулар жетимиш беш жылда кыргыз дипломатиясынын ийгилиги да, өксүгү да болгонун белгилешет. Кыргызстан эл аралык алкакта өз жолун таап, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого багытталган кадамдардын жасалышында элчилердин да салымы бар.

Учурда мамлекет тарабынан элчилирге көптөгөн талаптар коюлуда. Соода-алака менен инвестициянын мааниси жогорулап жаткан шартта экономикалык дипломатияга артыкчылык берилүүдө. Быйыл Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы концепциясы кабыл алынган. Анда эл аралык мамиледеги кадамдар улуттук кызыкчылыкка каршы келбеши керек экени белгиленген.

Советтик доордо Кыргызстандын адистешкен дипломаттары Мосвада гана даярдалган. Ал эми учурда эгемен өлкөнүн он чакты жогорку окуу жайында эл аралык мамилелер боюнча факультет бар. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академия магистр баскычы боюнча кадр даярдоо менен алек. Элчилик ишке кызыккандардын саны арбып баратат.

Кыргызстан 155 өлкө менен дипломатиялык алака түзгөн. Алардын жыйырма жетисинде элчилик бар. Ошондой эле алты консулдук иш алып барууда.




Новости по дате