http://ktrk.kg/ЕАЭБ аймагындагы товарлардын документтери болушу зарыл

ЕАЭБ аймагындагы товарлардын документтери болушу зарыл

24 Окт , 9:33 58

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагында өндүрүлгөн товарлардын сөзсүз түрдө тиешелүү документтери болушу зарыл. Мындай пикирин Экономика министрлигинин Техникалык тескөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов билдирди. Анын айтымында, товарлар техникалык регламенттин талаптарына туура келиши керек. Продукцияны алып кирүү жана алып чыгуу үчүн керектүү документтердин тизмеси бар. 

Алар талапка ылайык келгендиги тууралуу ветеринардык, фитосанитардык тастыктама, декларация. Айыл-чарба азыктарын алып чыгуу үчүн биримдиктин техникалык регламенти аткарылышы зарыл. Тиешелүү документтер эт, сүт азыктары, өндүрүлгөн башка продукцияларга зарыл. Адистер ЕАЭБдин алкагына чыгаруучу товарларга белги коюуда дагы өтө дыкат болууну эскертишти.

"Товарга белги коюуда айрым техникалык регламенттер бар. Азыкты идентификациялоо мүмкүн болушу үчүн анын атын так жазуу керек. Андан тышкары, азыктын чыккан күнү, айы, жылы, убактысы жазылышы кажет. Кичине гана ката болсо, ал талапты бузуу катары эсептелет. Азыкты текшерип, талапка ылайык келгендиги тууралуу сертификат ж.б. документтерди алуу үчүн 33 сынак лабораториясы бар”,- деди Экономика министрлигинин Метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев. 

Новости по дате