http://ktrk.kg/Мамлекеттик каттоо кызматына 10 жыл

Мамлекеттик каттоо кызматына 10 жыл

25 Окт 2019 , 14:04 247

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада окуду. Анда мамлекет башчысы Мамлекеттик каттоо кызматы татаал жолду басып өтүп, калктын бирдиктүү реестрин тескеген, көрүнүктүү мамлекеттик органдын бирине айланганын белгиледи. 

Маалыматтарды эсепке алууну автоматташтырып, элге кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү системасын түздү. Жарандар төрөлгөндөн тартып, жашоосунун аягына чейинки негизги маалыматтар камтылган бирдиктүү тутумду калыптандырды. Элге ыңгайлуу кызмат көрсөтүү аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматы – калк менен өтө тыгыз иштеген мамлекеттик орган болуп калды. Каттоо кызматы калкты биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүктү жүргүзүү иштерине олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын сапаттуу электрондук тизмесин түзүү менен өлкөбүздө демократияны өнүктүрүү ишине чоң көмөк көрсөттү.

Каттоо кызматы мындан ары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын туруктуу жогорулатууга, республиканын бардык региондорунда Калкты тейлөө борборлорун жайгаштырууга, санарип технологияларга негизделген тейлөө моделин киргизүүгө тийиш. Кызматтын эмгек жамааты мамлекеттик каттоо системасын андан ары өркүндөтүү, жаңы инновациялык ыкмаларды киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди ийгиликтүү чечет деп терең ишенем - деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.

Новости по дате