http://ktrk.kg/Эки тараптуу алаканын артыкчылыгы

Эки тараптуу алаканын артыкчылыгы

27 Окт , 22:31 100

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан тышкы саясатында жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташтыкты түзүп, ар тараптуу алаканы өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Мына ушулардын бири Япония мамлекети. Япония дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин бири. Ички дүң продукциясынын көлөмү киши башына 35 миң долларды түзүп, дүйнөдө АКШ, Кытай жана Индиядан кийин эле төртүнчү орунда турат.

Күн Чыгыш өлкөсү менен Кыргызстан дээрлик эгемендик жылдарынан бери кызматташып келүүдө. Кызматташтык саясий-экономикалык, социалдык жана маданий- гуманитардык багыттар боюнча түзүлгөн. Парламенттер аралык байланышты да бекем деп айтса болот. Мындан сырткары адам укуктарын коргоо, демократияны өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөштөрдүн бири. Акыркы жылдары инвестициялык кызматташтыкты арттырууга көп көңүл бурулууда. Бул багытта Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен Кыргызстанда “Бир айыл - бир продукт” долбоору ийгиликтүү ишке ашууда.

Ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков Японияда иш сапары менен болду. Өлкө башчысы анда Япония Императорунун такка отуруу аземине катышты. Бул өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуп, кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Япониядагы алдыңкы делген өнөр жай ишканаларынын ишмердиги менен таанышып, инвестициялык кызматташтык ортого салынды. Ошондой эле Япониянын парламентарийлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде парламенттер аралык мамилелердин негизги багыттарына басым жасалды. Бул өлкөдө окуп, иштеп жургөн мекендештер менен да жолугушуулар өттү.


Новости по дате