http://ktrk.kg/Быйыл Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 75 жылдык мааракесин белгилөөдө

Быйыл Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 75 жылдык мааракесин белгилөөдө

27 Окт , 22:29 66

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мына ушул өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, тышкы саясатта ар тараптуу алаканы өнүктүрүүдө дипломаттардын орду чоң. Алар мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоодо алдыңкы сапта турушат. Кыргызстан учурда көп багыттуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп келет. Тышкы саясат өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарын ишке ашырууга багытталган. Негизги милдет- Кыргызстан менен союздаш, стратегиялык өнөктөш, коңшу жана башка мамлекеттер менен карым-катнаштарды бекемдеп, өнүктүрүү.

Быйыл Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 75 жылдык мааракесин белгилөөдө. Ал эми ушул аптада өзүнүн кесиптик майрамын өлкөнүн дипломаттары белгилешти. Дипломаттарды кесиптик майрамы менен президент Сооронбай Жээнбеков куттуктап, өлкө башчысы учурда дүйнөнүн бар катар мамлекеттери, эл аралык уюмдар менен кызматташтык кеңейип жаткан учурда, эл аралык жаңы чакырыктар биздин дипломаттардан жоопкерчиликти, мекенчилдикти, кеңири көз карашты, билимди жана жогорку маданиятты талап кылат деп белгиледи.


Новости по дате