http://ktrk.kg/Бүгүнкү күнгө карай өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Бүгүнкү күнгө карай өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

28 Окт , 11:03 39

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 

Ал эми, ноябрь айында Кыргызстанда аба ырайы климаттык нормада болот. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди. Маалыматта айтылгандай, ноябрь айынын биринчи декадасында аба нормасы жогору болуп, түнкүсүн 8, күндүз 20 градуска чейин жылуу болот. Ноябрдын экинчи декадасында абанын төмөндөшү байкалып, түнкүсүн сууктун күчү 8 градуска жетсе, күндүз 5 градустан 12 градуска чейин жылуу болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат бере кетсек, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 16:52де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедель айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Новости по дате