http://ktrk.kg/Милиция кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

28 Окт , 14:14 185

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2020-жылдын 1-январынан тартып милиция кызматкерлеринин айлыгы 20 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы "Укук коргоо органдарынын кызматы жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыккан. 

Мыйзамда милиция кызматкерлерине социалдык пакет дагы каралган. Буга чейин аймактарга которулуп кеткен милиция кызматкерлери турак жайын өз чөнтөгүнөн камсыздап келсе, 2020-жылдын 3-февралынан тартып, мамлекет тарабынан каржыланат. Ошондой эле, кенемте төлөө жол жоболоруна дагы өзгөртүүлөр киргизилди.

Новости по дате