http://ktrk.kg/Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган видеокамералар орнотулат

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган видеокамералар орнотулат

29 Окт , 11:00 75

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин көчөлөрүнө адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылып жатат. Аталган борбор кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоону көздөйт. 

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Анын алкагында Бишкектин алты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» кичирайондоруна да видеокамераларды орнотуу пландалууда.

Новости по дате