http://ktrk.kg/Балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган программа бекиди

Балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган программа бекиди

30 Окт , 15:39 58

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган программа бекитилди. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Документ балык багып, киреше тапкан чакан жана орто ишканаларды колдоо жана аны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыкты. 

Азыр жылына Кыргызстан 1 жарым миң тонна балыкты чет өлкөлөргө сатат, ал эми өлкө ичинде өндүрүлгөн көлөмү 2 жарым миң тоннаны түзөт. Бирок бул көрсөткүчтүн деңгээли иш жүзүндө жогору. Анткени Балык чарба департаменти менен келишим түзбөй, өз алдынча иш алып барган ишкерлер көп. 

Кабыл алынган программада көмүскө иш алып баргандарды ачыкка чыгаруу жагы да каралды. Анда текшерүү же мажбурлоо жолу эмес, кызыктыруу ыкмасы колдонулат.


Новости по дате