http://ktrk.kg/Улукбек Жолдошбеков кыргыз желегин дүйнө чемпионатында желбиретти

Улукбек Жолдошбеков кыргыз желегин дүйнө чемпионатында желбиретти

31 Окт 2019 , 11:26 713

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балбан Улукбек Жолдошбеков 23 жашка чейинки балбандар арасында эркин курөш боюнча Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Эркин күрөштүн U23 версиясы боюнча дүйнө чемпиону 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Венгриянын борбору Будапештте өтүүдө. 30-октябрда Улукбек Жолдошбеков финалда Индиялык балбан менен кез келип 5:3 эсеби менен атаандашын жеңген. 

Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын жаз мезгилинде эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпиону аталган.


Новости по дате