http://ktrk.kg/Бишкекте Кайгуул милиция кызматынын алгачкы тобу иштей баштады

Бишкекте Кайгуул милиция кызматынын алгачкы тобу иштей баштады

31 Окт 2019 , 23:15 420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматынын алгачкы тобу иштей баштады. Алар борбордун эки районунун коомдук коопсуздугун жана жолдогу абалга байкоо салып, күзөттө болот. Кайгуул милицияны түзүү Ички иштер министрлигин реформалоо багытынын бири. Борбордун көчөлөрүндөгү абалга онлайн байкоо салып турган санариптештирилген борбордук командалык пунктун ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Азырынча Бишкек шаарынан башталган бул тажрыйба бара-бара бүт республикага жайылтылат.

Бишкек шаарында кайгуул милициянын 262 кызматкери жумушка киришти. Алар азырынча шаардын Биринчи май жана Свердлов райондорунун абалын кайтарууга чыгып, күзөттө болушат. Экинчи баскычта алардын катарына 235 кызматкер кошулганы турат. Ага чейин алар атайын окуулардан өтүүдө. Жыл аягына чейин калган кызматкерлер биригип, күзөттө болушат жана Бишкек шаары толугу менен камтылат. Ички иштер министрлигин реформалоонун алкагында түзүлгөн Кайгуул милициянын иши менен Өлкө башчысы таанышты. 


Президент жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын реформалоону жарыялап, Президенттин Аппаратынын алдында жумуш тобу түзүлгөн. Анын курамына Ички иштер министрлигинин, жарандык коомдун жана Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү кирген. Жумуш тобу Кайгуул милицияны түзүү боюнча концепция иштеп чыгып, Өкмөт тиешелүү токтом кабыл алган.

Кайгуул милицияны түзүү Ички иштер министрлигин реформалоо багытынын бири. Буга байланыштуу кызматкерлер ачык сынактан өтүп, Ички иштер академиясынын алдында 3 айлык окуудан өтүүдө. Биринчи баскычта 600 кызматкер сынак аркылуу тандалып алынды. Мындан улам кызматкерлердин 30 пайызын бул түзүмгө жаңы келгендер түзөт.

Кайгуул милиция жолдогу коопсуздукка жооп берет жана "102" чакырылууларына барат жана ар бир топ бөлүнгөн аймакта такай күзөттө болот. Тактап айтканда жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу түзүлдү. Жарандардын коопсуздугу үчүн жаңы түзүм атайын унаалар менен жабдылды, мобилдик планшеттер жана шаймандар сатылып алынды. Ал эми көчөлөрдөгү абалга санариптештирилген борбордук командалык пункт аркылуу онлайн байкоо салынып турат. Мамлекет башчысы анын иши менен таанышты. 

Мында шаарга орнотулган видео камераларга түшкөн тасмалар, башка материалдар иштелип чыгат жана телефон чалуулар кабыл алынат. Учурда биринчи баскычта 60 видео байкоо камералары орнотулду. Анын 20сы адамдын жүзүн тааный турган камералар. Борборго кылмыш катталган жерден ыкчам маалыматтар түшөөрү менен укук коргоочулар жерине барып, кылмыштын бетин кыска мөөнөттө ачууга шарт түзүлөт.

Ошол эле учурда Президент Кайгуул милиция кызматынын ишине байкоо сала турган санариптештирилген борборду да кыдырып көрдү. Кайгуул милициянын ишиндеги башкы артыкчылык - жарандарга сый-урмат менен мамиле жасоо, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча натыйжалуу жумуш алып барып, жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу. Бул борбор кызматкерлердин кыймыл аракетине, алып барган ишине да байкоо салат. Мындан улам ар бир кызмактерде видео регистратор болот.

Кайгуул милициянын айлык акысы да дээрлик 100 пайызга көтөрүлдү. Эгер буга чейин 12 миң сомго чейин алып келсе, эми 22 миң сомду түзөт. Кайгуул милиция долбоору азырынча Бишкек шаарында жайылтылган. Жакындан тартып шаардын дагы эки районунда - Ленин жана Октябрь райондорунда иштей баштайт.




Новости по дате