http://ktrk.kg/Кара-Бууранын Жетим-Тоо аймагына бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду

Кара-Бууранын Жетим-Тоо аймагына бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду

31 Окт , 9:28 131

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Буура районундагы Жетим-Тоо аймагында мерчемделген иштердин алкагында бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Аймакты келечекте көрктүү токойго айлантуу максатын көздөгөн иш-чара адистер менен катар окучуулардын катышуусунда өттү.

Бул жер Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычы. Эл арасында Чоң-Капка деп айтылат. Мында суу бирде азайып, бирде толуп, аралды туш тарабынан курчап калат. Андыктан бул аралды жергиликтүүлөр Жетим-Тоо деп аташат. Кеч күздө суу сактагычтын деңгээли азаят. Ошондо аралга жол ачылат. Учурдан пайдаланып демилгечилер тилкеге бак отургузууну туура көрүштү.

Аянтка тал-теректер менен катар мисте, жийде, бадам, ит мурундун көчөттөрү жана ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдөн туя отургузулду. Токойчулардын айтымында бул тоонун кыртышын иликтеп көрүп, сууну анча талап кылбаган, бирок, мөмө берген өсүмдүктөрдү өстүрүп көрүүнү мерчемдешүүдө.

Кара-Буура жаратылыш паркы райондогу 8 айыл аймак менен чектешет. Ошондон улам аймактардагы мектептердин окуучулары да бул демилгеге катышты. Иш арасында окуучулар жаратылыш, токойго арналган акындардын ырларын көркөм окуп, чакан салтанат тартуулашты. Мындагы бак-дарактар өсүп кетсе, келечекте бул аймакка мындай өсүмдүктөрдү отургузуу демилгеси улантылат.



Новости по дате