http://ktrk.kg/Пилоттук токой чарбаларга жаңы техникалык каражаттар жана жабдуулар тапшырылды

Пилоттук токой чарбаларга жаңы техникалык каражаттар жана жабдуулар тапшырылды

31 Окт , 22:19 81

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандагы токойлордун аянттарын көбөйтүү керек. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пилоттук токой чарбаларга жаңы келген техникалык каражаттарды жана жабдууларды тапшыруу иш-чарасында билдирди.

Токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу долбоорунун алкагында, Россиядан жана Беларусиядан атайын техникалык каражаттар алынып келинди. Жаңы техникалардын жалпы наркы 16 миллион доллар. Өзүңүздөр көрүп турган бул жердеги каражаттар 13 пилоттук токой чарбасына бөлүштүрүлүп берилди. Чүй токой чарбасы жаңы техникалуу болду. Алар өрткө каршы жабдуулары бар унаа, соко, культиватор, ямобур, чиркештиргичи менен МТ-382 үлгүсүндөгү трактор жана керектүү жабдуулары менен кичи тракторлуу болушту. Токой чарбанын кызматкерлери бул техникалар ишти кыйла жеңилдетээрин айтышат. 



Кыргызстандын 1 миллион 116 миң гектар аянтын ээлеген токойлорун туура пайдаланып, сактоо керек. Аларды өрттөн, зыянкечтерден коргоо, өз убагында жаңыртуу, сапатын арттыруу - башкы талаптардан. Башка тармактар сыяктуу эле токой чарбасы да экономиканын жана туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болушу керек. Бул үчүн токойлордун аянттарын, жаңы техникаларды көбөйтүү зарыл.

Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүүнү токой чарбасыз элестетүү мүмкүн эмес эккендигин, бул багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгын эскертти.

Новости по дате