http://ktrk.kg/Санариптештирүүдөгү медиа тармагынын ролу талкууланды

Санариптештирүүдөгү медиа тармагынын ролу талкууланды

1 Нояб , 9:32 122

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин колдоосу менен Маалымат жана басма сөз күнүнө карата өнөктөштүк медиа конференциясы болуп өттү. Анын жүрүшүндө, катышуучулар өлкөнүн жогорку технологиялуу мамлекет болушунда көрүлүп жаткан чаралар, заманбап мультимедиалык борборлорду түзүү, шайлоо процессине массалык маалымат каражаттарынын катышуусу жана киберчабуулдарга каршы иш-аракеттерди талкуулашты. 

Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын маалымат катчылары, массалык маалымат кызматтарынын өкүлдөрү, журналистика факультетинин студенттери жана окутуучулар катышты.

“Азыркы учурда Кыргызстанда жана кээ бир айрым мамлекеттерде “фейкньюс” деген тенденция абдан күч алды. Ал “фейкньюстан” кантип арылабыз жана бул ыкманы негизи колдонбоо керек деген дискуссия болуп жатат”,- деди Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу. 

Новости по дате