http://ktrk.kg/Таласта мугалимдер жогорулатылган айлык ала баштады

Таласта мугалимдер жогорулатылган айлык ала баштады

1 Нояб , 23:50 37

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таластагы мугалимдер дагы жогорулатылган маяна ала баштады. Элеттик педагогдор айлыктын мурдагыдан алда канча сезилерлик жогорулаганын белгилешүүдө. Ошондой эле, адистердин айтуусунда эмгек акынын жогорулашы менен азыркы учурдагы бардык кошумча төлөмдөр сакталат.

Талас шаарындагы №5 орто мектепте 1095 окуучуга 65 мугалим билим берет. Мында иштегендердин алды 30 жылдан бери бул кесипти аркалап келгендер. Алардын катарында Толгонайым Алтыкеева да бар. Алгач мугалим, кийинчерээк директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалып, эмгек жолун окуучуларга арнаган педагогдун тажрыйбасы 20 жылга чукулдады.

Жоопкерчилиги анан калса түйшүгү арбын бул кесипти аркалаган агартуучулардын кесибин сүйүп, барктагандары арбын. Мындан улам президенттин жарлыгы менен күчүнө кирген акыркы жаңылык, мугалимдерге кыйла сезилээрлик колдоо болгонун айтышат. Ушул күндөрү ардактуу кесип ээси болгон ар бир мугалим жогорулатылган айлык маянасын алып жаткан учур.

Жогорулатылган айлыкка мектеп жамааты толугу менен жеткен.

Айлык акысы көтөрүлгөндөрдүн катарында бала бакча тутумунун кызматкерлери да бар. Тарбиячы-мугалимдердин айтымында, айлык акы жогорулай турганы тууралуу малымат жарыялангандан тартып, бала бакчага иштөөнү каалагандардын катары көбөйдү.

Белгилей кетсек, Талас облусунда 113 мектеп бар. Анда 53 миң 689 окуучу билим алат. Жалпы 3678 мугалим эмгектенет. 65 бала бакча жеткинчектерге тарбия берет.



Новости по дате