http://ktrk.kg/Кызыл-Жылдыз айылында суу сактагыч курулууда

Кызыл-Жылдыз айылында суу сактагыч курулууда

1 Нояб 2019 , 22:49 179

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындын Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында суу сактагыч курулууда. Ага 50 миң метр куб суу батып, сугат мезгилинде 400 гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылат. Суу сактагычтын курулушуна мамлекеттен 57 миллион сом бөлүнгөн. Учурда жумуштардын акыркы этабы жүрүүдө.

Нурбек Табалдиев өзүнүн 4 гектар жерине буудай айдаган. Анын дагы кошумча жерлери бар. Бирок буга чейин сугат суунун тартыштыгынан иштеткенге мүмкүнчүлүгү жок эле. Эми айылга суу сактагыч курулуп жатат. Дыйканга бул чоң пайда.

Суу сактагыч мөңгүдөн агып келген сууну топтоп, сугат мезгилинде дыйкандарга берилет. Буга мамлекеттен 57 миллион сом бөлүнгөн. Учурда жумуштун 90 пайызы аяктап калды.

Суу сактагычтын курулушу элет эли үчүн өтө маанилүү. Анткени 300 гектардан ашык суу баскан аянтка дагы жүз гектар айдоо жер кошулат. Дыйкандар суу азабынан кутулуп, сугат мезгилинде маселе болбойт. Сактагычка элүү миң куб суу батат. Аны түнү менен чогултуп, күндүзү коё берет. Муну райондун суу чарба башкармалыгы көзөмөлгө алат.

Курулуш өтө дыкааттык менен жүрүп, бардык жумуштары көзөмөлдөн өтөт. Ар бир орнотулган жабдык жаңы жана өз милдетине эсептелип коюлган. Суу тосмону жырып, жарактан чыгуу коркунучу да эске алынып, акыркы типтеги инженердик тажрыйбалар колдонулду.

Курулуш беш күндүн аралыгында бүтүп, өткөрүлүп берилет. Бул үчүн атайын комиссия келип, кабыл алат. 



Новости по дате