http://ktrk.kg/Президент массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

Президент массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

2 Нояб , 21:18 32

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК кабарчылары менен жолугушту.


Жолугушууда коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы 2018-жылдын март айында мындай форматтагы алгачкы жолугушууда жемиштүү, ачык баарлашуу болуп, ар түрдүү маселелер боюнча жакшы сунуштар айтылганын канааттануу менен белгиледи. 


ММКлар өлкөнү өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкаруу системасынын ачыктыгы жана натыйжалуулугуна өз салымын кошуп жатканын баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков өз президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктар жөнүндө айтып берди. Аймактык өнүгүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, өлкөнү санариптештирүү, сот-укуктук реформа, коррупцияга каршы күрөш, инвестициялык климатты жакшыртуу чаралары, социалдык тармакты жана айыл чарбасын колдоо багыттарына кенен токтолду. 


«Суроо-жооп» форматындагы жолугушууда катышуучулар сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик карызды башкаруу, реформаларды ишке ашырууда жарандык коомдун орду, келерки парламенттик шайлоодогу босого чек, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча суроолорду беришти.


Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелери, өлкөнүн тышкы саясаты, борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар жөнүндө суроолорго жооп берип, жакынкы келечек пландары тууралуу айтты.



Новости по дате