http://ktrk.kg/Уч-Коргон ГЭСи жаңылынат

Уч-Коргон ГЭСи жаңылынат

5 Нояб , 11:41 59

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

"Азия өнүктүрүү банкы" менен Өкмөт Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо үчүн 100 миллион долларлык келишимге кол койду. Аталган ГЭС Нарын каскадына курулган алты ГЭСтин эң эскиси болуп саналат. 

Эскилиги жеткен жабдуулар алмаштырылып, электр энергиясын иштеп чыгуу кубаты 180 мегаваттан 216 мегаваттка чейин жогорулайт. Келишимге каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис Мак Дэйган кол койду.

Бериле турган каражаттын 60 миллион доллары насыя, 40 миллиону грант түрүндө болот. Андан тышкары, "Азия өнүктүрүү банкы" 45 миллион доллар насыянын сарпталышын көзөмөлдөйт. 

Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке берилген. Ал Нарын дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан.


Новости по дате