http://ktrk.kg/Журналист Чынара Токонованын сөөгү эртең жерге берилет

Журналист Чынара Токонованын сөөгү эртең жерге берилет

5 Нояб 2019 , 23:02 474

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Оорудан улам, көрүнүктүү журналист Чынара Токонова 37 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон кесиптешибиз, чыгаан журналист менен коштошуу зыйнаты эртең үйүндө өтөт.

Дасыккан тажрыйбасы, берилген кесипкөйлүгү менен өзгөчөлөнгөн Чынара Токонова саясий, экономикалык багыттагы мындай сюжет-репортаждардын далайын жасаган. Кесиптештери менен көрүүчүлөрү анын ой жүгүртүүсүнүн кенендигин, бай дүйнө таанымын, күчтүү эрудициясын, таамай, курч тилин жана бардык теманы терең түшүнүп, талдай биле алгандыгын жогору баалашат.

Ийгиликти, бийиктикти эмгекчилдиги менен багындыра алган дараметтүү чыгаан журналист Чынара Токонованын эмгек жолу 19 жыл мурда уюткулуу тарыхы бар Коомдук телерадио корпорациясынан башталган. “Жаштык”, "Кабарлар" радиосунда иштөө менен кесиптик пайдубалы түптөлүп, маңыздуу жазганды, уккулуктуу окуганды жана көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү жасоону мыкты өздөштүргөн.

КТРден кийин Чынара Токонованын тажрыйбасы коомдун күзгүсү деп саналган 5-каналда, НТС каналынын "Санжыра" радиосунда, "Интерньюс" эл аралык уюмунда, ошондой эле "Доор Медиа" коомдук бирикмесинде уланды. Кесибин чындап сүйгөн Чынара Токонованын иш жагынан бышып жетилгендигин “Сынак” программасындагы маектеринен, берген суроолорунан байкасак болот.

Калкты күнү- түнү үзгултуксуз жаңылыктар менен кабардар кылган "Ала-Тоо 24" каналында да баяндамачы, жооптуу редактор катарында татыктуу иштеп, кесипкөйлүктүн, таза иштөөнүн үлгүсун көрсөтө алды. Чынаранын кырчындай жаштыгы, баалуу өмүрү бүтүндөй журналисткага арналган, - дейт кесиби аркылуу табышкан курбусу.

Эл үчүн эринбей кызмат кылып, өлкөдөгү коомдук- саясий, социалдык-экономикалык, темаларды мыкты, калыс чагылдыруу менен Чынара Токонова кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө салымын кошо алды.

Көздөгөн максаттары толук аткарылбай, жалындаган 37 жаш курагында шум ажал алып кетип, ата-энесин, жакындарын кайгыга салды.

Иш билгилиги, адамгерчилик бийик сапаттары менен айырмаланган белдуу журналист кызын кыргыз эли унутпай, ар убак эскерип турат. Жакындарына жана туугандарына сабырдуулук тилөө менен Коомдук телерадиоберуу корпорациясынын жалпы жааматы, аза кайгысын тең бөлүшөт. 



Новости по дате