http://ktrk.kg/Диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук тутумга өтөт

Диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук тутумга өтөт

6 Нояб 2019 , 12:49 940

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук тутумга өтөт. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, бул иш-чара «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата аткарылууда. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний окуу жайлардагы билим берүү системасын мындан да жакшыртуу керектигин айтып, өзгөчө бирдиктүү окуу программасынын алкагында окуу процесси жүрүүсү керектигин баса белгиледи. 

«4 жылдан бери Муфтият бардык тармакты электрондоштуруунун үстүндө иш алып барат. Учурда ажылыкты уюштуруу иши толугу менен электрондоштурулду. Азыр тармакта билим берүүнү бирдиктүү электрондук системага өткөрүүнүн босогосунда турабыз. Буга ар бир диний окуу жай жардам берүүсү керек», — деди муфтий. 

Новости по дате