http://ktrk.kg/Кербен шаарындагы тамтыгы чыккан жатакана

Кербен шаарындагы тамтыгы чыккан жатакана

11 Нояб 2019 , 14:30 205

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов атындагы инновациялык лицейдин жатаканасынын абалы тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келген.

Ушундай лицей Жалал-Абад облусу боюнча үчөө эле. Бул лицейде кошуна райондордон (Ноокен, Ала-Бука, Чаткал жана Таш-Көмүр шаарынан) 16 бала, ошондой эле Аксы районунун 12 айыл өкмөтүнөн келген ар кандай социалдык абалдагы кыздар-балдар тарбияланышат. Мектепте 1 тоголок жетим, 35 жарым жетим, 17 мүмкүнчүлүгү чектелген, 15 өгөй ата-эненин колундагы балдар, 47 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, 17 мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелердин балдары, 165 мигрант ата-энелердин балдары, 110 ата-энелери ажырашкан социалдык жетим балдар окушат. Мектеп 340 орундуу, 1959-жылы курулган. Азыркы учурда 800дөн ашык окуучу окуйт.

Жатакананын 3-кабаты 1992-жылы толук жараксыз деп табылган. Учурда жатакананын 30 бөлмөсүндө 5-6 дан окуучулар өтө тыгыз жайгаштырылган. Жатак лицейдин мончосу 2014-жылдан бери иштебей калган. ӨКМ жараксыз деп чечим чыгарган. Ашкананын жарымы да жарактан чыгып, чоң залы жабылган. Жатаканада жашоо коркунуч жаратат. Мектеп Кербен шаарына карабайт, түздөн-түз Билим берүү министрлигине, Аксы районуна баш ийет.


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате