http://ktrk.kg/Кыргызстан Париж макулдашуусуна кошулду

Кыргызстан Париж макулдашуусуна кошулду

13 Нояб , 21:35 158

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан дүйнө коомчулугун түйшөлткөн климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшөт. Бул багытта Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга мамлекет башчысы кол койду. Ага ылайык, өлкө экологияны коргоо жаатында бир катар милдеттерди аткарат. Тоолуу Кыргызстан үчүн айрыкча мөңгүлөрдүн ээрип кетишин алдын алуу маанилүү.

Өнөр жайынын көптөгөн багыттарында парник газы абаны булгап, ал климаттын өзгөрүшүн шарттап жатат. Бул маселе глобалдык көйгөйлөрдүн сап башында турат. Аны менен күрөшүүгө дүйнө коомчулугу биригүүдө. Адамзат өндүрүшкө аба ырайына таасир этпеген технологияны жайылтуунун зарылчылыгын түшүндү. 2015-жылы Парижде кабыл алынган документте бир катар милдеттенмелер белгиленген. Эми ал макулдашууга Кыргызстан 187чи болуп кошулду.


Новости по дате