http://ktrk.kg/Чоң-Дөбө айылындагы 30 жылдан бери чечилбеген көчө көйгөйү

Чоң-Дөбө айылындагы 30 жылдан бери чечилбеген көчө көйгөйү

14 Нояб , 13:24 86

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын тургуну Термечиков Беделбек аталган айылдан мыйзамдуу турдү жер тилкесин алып үй салганына  30 жылдан ашса да, көчө ачылбай жатканына нааразы. Көйгөйү тууралуу президентке да кат жазган, бирок жергиликтүү бийликтен эч кандай иштер ушул күнгө чейин аткарылбай келет. 

"30 жыл мурун ушул жерди үлүшкө алып, там салдым. Архитектуранын башкы планынын негизинде чечим менен үй салдык. Менден башка да ушул жерге там салган кошуналар чогу. Бирок, ушул күнгө чейин көчөбүз жок. Эки тарабыбызда 100 метрден ары жакта көчөлөр бар. Маселени чечип, көчө түшүрүп бергиле деп, өкмөткө, акимчиликке кайрылдык. Арга кетип президентке кат жаздым. Октябрда жооп келип, ага Нарын облусунун өкүлү жол ачылып түздөлүп, шагыл тогулуп жатканын билдирген экен. Бирок, шагыл төккөндү кой, көчө ачыла да элек. Булар туура эмес маалымат беришкен",- дейт Чоң-Дөбө айыл тургуну. 


Новости по дате