http://ktrk.kg/Аймактык медиа борборлорду түзүү маселеси талкууланды

Аймактык медиа борборлорду түзүү маселеси талкууланды

15 Нояб 2019 , 10:13 120

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн облустарында аймактык медиа борборлорду түзүү маселеси журналисттер коомдук бирикмесинин жана мамлекеттик мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Анда белгиленгендей, облустук 10 медиа борбор түзүлөт. Санарип телекөрсөтүүгө өтүүнүн алкагында буга чейин аймактык телеканалдарда техникалык модернизация жүргүзүлүп, жаңы жабдыктар сатылып алынган. 

Техникалык базаны сактап калуу үчүн маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти облустук телеканалдардын базасында медиа борборлорду түзүүнү сунуштаган. Учурда өлкөнүн көп райондорунда аймактык гезиттер өзүнүн актуалдуулугун жоготкондуктан, бул реформаны жүргүзүү зарыл иш-чаралардан болууда.


Новости по дате