http://ktrk.kg/"Жашыл экономиканын" негизги жети багыты белгиленди

"Жашыл экономиканын" негизги жети багыты белгиленди

15 Нояб , 14:03 119

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынды. Ага өкмөт башчы кол койгонун Экономика министри Санжар Мукамбетов "Жашыл экономика - күчтүү аймактар - өлкөнүн туруктуу өнүгүшү" аттуу форумда билдирди. Программада жашыл экономиканын негизги жети багыты белгиленген. Алар: жашыл транспорт, жашыл шаар, жашыл энергетика жана энергияны үнөмдүү пайдалануу, жашыл айыл чарба, жашыл өндүрүш жана таштандаларды кайра иштетүү. 

Белгилей кетсек, жума башында республика боюнча жашыл экономика жумалыгы жарыяланып, буга байланыштуу жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар болуп өттү. Быйыл бешинчи жылы катары менен уюштурулуп жаткан форумда катышуучулар аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, кабыл алынган программаны ишке ашырууну талкуулашты.

"Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча программага премьер-министр кечээ кол койду. Анын алкагында жашыл транспорт багытын ишке ашыруу боюнча департамент түзүү каралган",- деди Экономика министри Санжар Муканбетов. 

Новости по дате