http://ktrk.kg/Токтогул: мал соючу жайдын саркынды суулары көчөнү каптайт

Токтогул: мал соючу жайдын саркынды суулары көчөнү каптайт

15 Нояб 2019 , 17:27 310

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул шаарындагы Тилек-Ордо тойканасынын короосунда мал соючу жай бар. Мал соючу жайдын ээлери саркынды сууларын түтүк аркылуу көчөгө агызып жатышат. Саркынды суулар Аманбеков Коенбек көчөсүн каптап, андан чыккан жагымсыз жыт тургундарга бир топ эле ыңгайсыздык жаратып жатат. 3 жылдан бери ушундай көрүнүш. Кайрылбаган  жерибиз калган жок. Токтогул шаарынын мэри, акими көңүл буруп да койгон жок,- деп кайрылган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате