http://ktrk.kg/"Коопсуз шаар": бардыгы 800 миң сомдук айып пул жазылды

"Коопсуз шаар": бардыгы 800 миң сомдук айып пул жазылды

18 Нояб , 11:43 89

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар" долбоору иштеп баштагандан бери 800 миң сомдук айып пул жазылды. Бул туурасында "Биринчи радионун" обосунан Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтуусунда, айдоочулар жолдо негизинен көрсөтүлгөн ылдамдыкты сакташпайт, ошондуктан салынган айыптын басымдуусу дал ушул бузуулар боюнча жазылды. 

Ал эми баш калаадагы айдоочулар бузган жол эрежесинин басымдуусу токто чийинине токтобогондугу. Саркулов эске салгандай, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабында Бишкек шаары менен Чүй облусунда камералар орнотулган. Экинчи этаптын алкагында Кыргызстан боюнча 306 жерге камера орнотуу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, Коопсуз шаар долбоору өлкөдө ушул жылдын март айында иштеп баштаган.

Новости по дате