http://ktrk.kg/Талас: суу түтүктөрү киргизилип, асфальт жол талкаланды

Талас: суу түтүктөрү киргизилип, асфальт жол талкаланды

19 Нояб 2019 , 15:15 90

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас шаарындагы жол маселеси боюнча "Элдик репортерго" автор видео жөнөткөн. Мындан 2 жыл мурун Талас шаарындагы Маяковский көчөсү асфальтталган. Бирок 1 жыл өткөндөн асфальтталган жолду бузуп, суу түтүктөрүн киргизишкен. Жол ошол бойдон калган. Азыр бул жолдон 2 унаа батпайт. Асфальт жол туурасы болгону 2 метр. Бул жол шаарды экиге бөлүп турган жол. Жол министри менен Суу чарба министри акылдашып, сүйлөшүп туруп иш кылышса болмок. Ортодон карапайым элге эле кыйын болуп жатат. Жергиликтүү бийлик качан көңүл буруп, жолубузду калыбына келтирип берет? - деп суроо салган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате