http://ktrk.kg/Жарылуу болгон тез татым жайында коопсуздук эрежелери бузулган

Жарылуу болгон тез татым жайында коопсуздук эрежелери бузулган

20 Нояб , 9:52 501

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин борборунда жарылуу болгон тез татым жайында газ жабдуулары коопсуздук эрежелерин бузуу менен колдонулуп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Башкы көзөмөл органдын маалымдашынча, газ баллондорун тез татым жайларында колдонууга жол берилбейт. Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик экотехинспекциянын Бишкектеги башкармалыгы аталган жайдагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушун убагында алдын алган эмес. 

Андан сырткары, тез татым жайы муниципалдык аймактагы ижарага алынган жерде жайгашкан, 2015-жылы мэрия өз алдынча аймакты чоңойтуп алуу фактысын каттоого алган. Аталган боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган. 

Эске салсак, 8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, бирөө көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргендей, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон. Аталган жайдын ижарачысы кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Новости по дате