http://ktrk.kg/Ислам жана православие - тынчтыктын диндери

Ислам жана православие - тынчтыктын диндери

21 Нояб , 21:30 116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Ислам жана Православие - тынчтыктын диндери” эл аралык конференциясы Кыргызстанда жана жалпы эле Борбор Азияда диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдердин достугун арттырууга багытталган. Андыктан бул жолку иш-чара өзгөчө мааниге ээ болду дейт, - Президент Сооронбай Жээнбеков. 

Өлкө башчысы эки дин өз ара урматташуу менен тынчтыкта бирге жашоонун мыкты мисалы экенин кошумчалады. Эл аралык конференцияга Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия баштаган мамлекеттерден чогулган 150дөн ашык дин өкүлдөрү катышып, диндер ортосундагы ынтымак, биримдик, анын келечеги тууралуу кеңири талкуу уюштурулган.

Бул жолу Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң, миң жылдардан берки тарыхы бар- Ислам жана Православ диндеринин өкүлдөрү чогулду. Эл аралык конференцияга Россиянын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний мекеме жетекчилери, элчилери жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, белгилүү эксперттер келишкен. Иш-чара Кыргызстандын дин жаатындагы мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында уюштурулуп, өткөрүлүп жатат.

 Эл аралык конференциянын аталышы Ислам жана Православие - тынчтыктын диндери. Өлкө башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Кыргызстан эгемен мамлекет катары маданий баалуулуктарды, диний мейкиндикте биримдикти сактап калганын белгиледи. Дин жаатында болуп жаткан окуялар аймактагы ар бир өлкө үчүн маанилүү. Андыктан карым-катнашты жеке эле дин жактан эмес, маданият, тил, каада-салт жана илим, билим берүү жаатында бекемдөө зарыл. 




Новости по дате