http://ktrk.kg/Дүйнөдөгү таштандылардын жарымын желим буюмдар түзөт

Дүйнөдөгү таштандылардын жарымын желим буюмдар түзөт

26 Нояб 2019 , 16:17 1101

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Желимден жасалган буюмдар дүйнөдөгү таштандылардын 40%дан ашыгын ээлейт. Окумуштуулардын айтымында, желим баштык менен бөтөлкөлөр төрт жүз жыл дегенде араң жоголот. Дал ушул желим таштандылардан арылып, жаратылышты коргоо максатында борбор калаада, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы желимге каршы акция өткөрдү.

“Желимге каршы күрөш” акциясы БУУнун бир гана жолу колдонулуучу желимден арылуу демилгесине жараша уюштурулду. Ага Жогорку Кеңештин депуттары жана шаар тургундары катышты. Акцияга катышкан жаштар, жаш сүрөтчүлөр эко-баштыктарга түрдүү сүрөттөрдү тартып, акция учурунда аларды катышуучуларга таркатышып, мындан тышкары ар кандай сыйлыктар ойнотулду.

Желимдин биздин жашообузда орду чоң, бирок бир жолку желим өнүмдөрүн ашыра колдонуу катаал экологиялык кесепеттерге алып келет. Дүйнө жүзүндө бир күндө 1 миллион желим бөтөлкөлөр сатылат. Бир жыл ичинде 5 триллионго чукул бир жолку желим баштыктар колдонулат. Биз колдонгон желимдин жарымы - бир жолу гана колдонуудан өтөт. Акциянын аягында уюштуруучулар, бардык жарандарды жаратылышты коргоо чакырды. 



Новости по дате