http://ktrk.kg/Студенттерге жеткиликтүү шарттарды түзбөгөн окуу жай

Студенттерге жеткиликтүү шарттарды түзбөгөн окуу жай

26 Нояб , 17:01 147

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №6 корпусунун студенттери "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. Алардын айытымында, 

Кыргыз улуттук университетинин №6 корпусунда окуйбуз. Жылына 30 миң сомдон контракт төлөйбүз. Биздин корпуска таптакыр эле көңүл бурулбайт. Быйылкы жылы биз сентябрь айында келип студенттер өзүбүз аудиторияларды актап, сырдадык. Ал эми азыр болсо терезелерди жылуулап жатабыз. Аудиториялардын ичи суук, үстүбүздү чечпей отурганга туура келет. Эмнеге биз актап сырдашыбыз керек? Акча алып иштеп жаткандар, алган милдеттерин аткарышпайбы?- деп билдирүү калтырган студенттер. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате