http://ktrk.kg/Өткөрмө пунктарга товарларды башкаруучу тейлөө пункттары курулууда

Өткөрмө пунктарга товарларды башкаруучу тейлөө пункттары курулууда

27 Нояб , 10:20 233

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков транспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган динамикалуу системанын иши жана "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жайгашкан товарларды башкаруу боюнча стационардык пункттун курулушу менен таанышты. Учурда "Чалдыбар", "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына тейлөө пункттары курулууда. Жакынкы арада "Чоң-Капка" өткөрмө жайында дагы курулуш иштери башталат. 

Бул үчүн бюджеттен 40 млн. сом каралды. Маалыматка ылайык, быйыл 3 көзөмөл-өткөрүү жайында автотранспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган динамикалуу тутуму орнотулду. Бул өткөрмө жайлар аркылуу каттаган бардык транспорт каражаттарына фото жана видеофиксация жүргүзүлөт. Учурда көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына товарларды башкаруу боюнча иш алып бара турган 8 кызматты жайгаштырган тейлөө пункттарын куруу иштери жүрүүдө.


Новости по дате