http://ktrk.kg/Бишкек ЖЭБ: Артыкбаев мамлекетке 100 млн. сом материалдык чыгымды төлөдүбү?

Бишкек ЖЭБ: Артыкбаев мамлекетке 100 млн. сом материалдык чыгымды төлөдүбү?

27 Нояб , 13:56 344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум уланууда. Отурумдун жүрүшүндө судьянын дарегине канцелярия аркылуу кат келип түшкөнү маалым болду. Анда айыпталуучу Осмонбек Артыкбаев мамлекетке 100 млн. сом материалдык чыгымды төлөп бергендиги айтылган. 

Эскерте кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупцияга барган деп Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Ольга Лаврова жана башкалар айыпталууда.Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, алар Жылуулук борборду модернизациялоодо мамлекетке беш жарым млрд сом зыян келтирген.

Новости по дате