http://ktrk.kg/Аскердик техникалар тапшырылды

Аскердик техникалар тапшырылды

27 Нояб , 23:15 346

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHT

Россия Федерациянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик эки вертолет менен эки радиолокациялык станцияны кайтарымсыз негизде салтанаттуу тапшырды. Иш-чара Кыргызстандын Кант шаарындагы авиациялык техникалык аскер бөлүгүндө өтүп, ага Башкы штабдын башчынын орун басары Нурлан Чомоев Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышты.

Кант шаарында учак менен авиабазага конгон Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин шыр эле Кыргызстандын аймагына тиешелүү аскердик бөлүмдүн босогосун аттады. Россиялык кесиптешин Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысынын орун басары тосуп алды.

Эки өлкөнүн аскердик кызматташуусунун алкагында Россия Кыргызстанга аскердик техникаларды тартуулады. Анын ичинде Ми-8 үлгүсундөгү эки вертолет бар. Бул техникалар мурда эксплуатацияда болгону менен андагы башкаруу системасы толугу менен жаңыланган.

Мындан тышкары Россия эки жаңы радиолокациялык станцияларды тапшырды. Бул станциялар алыскы аралыкта учуп келаткан учак, вертолетторду аныктай алат. Өзгөчө өлкөнүн чек араларын кайтарууда пайдалуу. Иш-чаранын катышуучулары тик учмаларды сынап да көрүштү.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда аскердик кызматташтык мындан ары дагы өнүгөөрү белгиленди. 



Новости по дате