http://ktrk.kg/CASA-1000 долбоорундагы энергетиканын келечеги

CASA-1000 долбоорундагы энергетиканын келечеги

16 Май 2016 , 3:11 3777

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан суу ресуртарына бай мамлекет. Аны менен өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы жогору. Адистер бизде 142 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүрө турган кубаттуулук бар экенин айтышат. Мына ушундай потенциал менен Кыргызстан экспорто ээн эркин чыга алаары талашсыз.

Электр энергиясын экспорттоодо ГЭСтердин курулушу өзүнчө кеп. Бирок өндүргөн энергияга сата турган базардын карааны көрүнүп калды. Кеп CASA-1000 деп аталган долбоор туурасында болууда. Өткөн жумада дал ушул маанилүү долбоорго Тажикстандын Турсунзаде шаарында расмий старт берилди.

Салтанаттуу иш чарага Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты. Өз сөзүндө премьер-министр "Бул долбоор Азия мамлекеттериндеги алаканы күчөтүп, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөт" - деди.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулозода Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда Кыргызстан менен тыгыз мамиле түзүү Тажикстандын тышкы саясаты үчүн келечектүү багыт деди. Кыргыз өкмөт башчысы Кыргызстан дагы Тажикстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пакистан премьери Наваз Шариф энергетикалык каатчылыктан Кыргызстан куткарып калаарына ишеним артаарын билдирди. Учурда Пакистанда электр энергиясы такыр эле жетишсиз деди ал. Пакистандын шаарларында үнөмдөө максатында 12 саат бою жарык берилбейт, айыл жеринде болгону 4 саат гана жарык күйүп турат.

Ал эми Ооганстанда колдонулган электр энергиясынын 80 пайызы сырттан келет. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ирандан электр энергияны импорттогон ооган бийлиги эми Кыргызстандан алганды көздөп турат. 

CASA-1000 долбоорунун наркы бир миллиард доллардан ашат деп айтылды. Анын 526 миллион долларын Буткул дуйнолук банк каржылайт.Арбын каражат сарптала турган бул долбоор өлкөнүн бюджетине олуттуу таасир тийгизбейт деп экономика министрлиги билдирүүдө. Кыргызстан 233 миллион доллар сарпташы керек болсо бул учун каржы булактары табылган экен. 

CASA-1000 долбоорунан тапчу пайдабыз эмне деген да суроо жаралат. Адистердин белгилөөсүндө, “CASA-1000” долбоорунун башталганы Кыргызстан үчүн ириде инвестор тартуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Ал эми инвестор келсе, жаңы ГЭСтерди курууга болгон кызыгуу күчөйт.

Эгерде CASA-1000 долбоору иштеп баштаса Кыргызстанга жылына 60-90 миллион доллар киреше түшүп баштайт. Мунун арты менен энергетикадагы чыгымдар жабылып турмакчы.
Долбоор ишке киргенден кийин Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болбойт деп энергетиктер билдирүүдө. Сыртка чыгарылуучу жарыктын баасы да бекиген. 

Энергетиктердин белгилешинче КАСА-1000 долбоору 15 жылда озун актайт. Кымбат баадагы электр энергиясы 2020-жылдан кийин экспорттоло баштайт. Кыргызстандан жылына 500 миллион киловат саатка чейин электр энергиясы сатылып турат.

Новости по дате