http://ktrk.kg/Орнотулган электр мамычалар 8 күндөн кийин кулап түштү

Орнотулган электр мамычалар 8 күндөн кийин кулап түштү

28 Нояб , 16:03 200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Сары-Өзөн көчөсүндөгү электр мамыча кулап түшкөн. Бул электр мамычалардын орнотулганына болгону 8 эле күн болгон. Кар жаагандан кийин мына мынтип кулап түштү. Цементтебей эле, топуракты казып эле орнотуп коюшкан. Коркунучта жашап жатабыз, эми дагы качан калгандары кулап, кимдин үйүн, өтүп бара жаткан адамды басып калат деп. Бат эле орнотуп коюшкан 30 мүнөттүн ичинде эле. Булардын ишин көзөмөлгө салбайбы? Мэрия эмне үчүн карабайт?- деп ачууланган видео жөнөткөн автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате