http://ktrk.kg/Ош: жол боюна токтотулган унааларга чара көрүлсө...

Ош: жол боюна токтотулган унааларга чара көрүлсө...

28 Нояб , 16:37 188

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарындагы Курманжан-Датка менен Гапар Айтиев көчөлөрдүн кесилишиндеги жолдогу башаламандык боюнча "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Бул көчөдө кыймыл көп. Учурда айдоочулар эрежени бузуп, мамлекеттик мекемеде иштегендер унааларын жолдун боюна токтотуп алышат. Булардын кесепетинен жол тар болуп, жол тыгыны пайда болуп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ушул жерге көзөмөл салып койсо,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге,  кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 

Новости по дате