http://ktrk.kg/Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка кандай жеңилдиктерди кылды?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка кандай жеңилдиктерди кылды?

28 Нояб , 22:06 362

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Социалдык төлөмдөрдү онлайн эсептөө. Маалымкаттарды берүүнү санариптештирүү. Балага сүйүнчү акчаны төлөө тартиптерин жеңилдетүү. Жеке ассистенттерге айлык акы чегерүү. Мунун баары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жыл бою аткарган иштеринин эң орчундуулары. Социалдык абалды жакшыртууда мекеме кандай реформаларга барды?


Санарип саясатты ишке ашыруу социалдык чөйрөнү тескеген министрликтин да негизги багыттарынын бири болду. Жумушсуз жарандардын электрондошкон базасы түзүлдү. Мекеменин сайтында социалдык төлөмдөрдү онлайн эсептөө кызматы ишке кирди. Ал эми маалымкаттардын арбын бөлүгүн “Түндүк” тутуму аркылуу чогултууга болот.


Жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилүүчү “Сүйүнчү пулду” чегерүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Мурда ата-энелер банктан эсеп ачып, толгон-токой кагаз топтоп убара тартса, азыр балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга арыз менен кошо эле билдирүү тапшырат. Төлөнчү каражаттын суммасы 4000 сомду түзөт. Ал эми ушул жылдын 1-декабрынан тарта үч эм же андан көп бала төрөлсө ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.



Министрликтин бул жылдагы дагы бир жетишкендиги катары чет өлкөдө эмгектенген мигранттардын балдарын өз мекенине кайтарууну атасак болот. Россия өлкөсүнөн 7 бала мекенине кайтарылды. Келерки айда дагы 18 бала, Казакстандан 3 бала алынып келинет. Андан тышкары Бишкек шаарынын аймагында эле 1276 баланын өздүгүн тактаган документи жок экендиги аныкталган. Азыркы учурда алардын 700дөн ашыгына тиешелүү документтери берилди. 




Новости по дате