http://ktrk.kg/Сузак райондук башкармалыгында Бирдиктүү терезе иштеп баштады

Сузак райондук башкармалыгында Бирдиктүү терезе иштеп баштады

29 Нояб , 13:12 763

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сузак райондук башкармалыгында Бирдиктүү терезе иштеп баштады. 

Эми жарандар курулуш долбооруна, архитектуралык пландоо жана инженердик-техникалык шарттары үчүн уруксат кагаздардын бардык түрүн ушул жерден алышат. 

Мындан сырткары, быйыл мекеменин имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүлгөн. Бул иштер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашууда.

Новости по дате