http://ktrk.kg/Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү белгиленет

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү белгиленет

29 Нояб , 21:52 569

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 200 миңге чукул. Бирок алардын арасында иштеп, коомдук иштерге аралашып жүргөн активдүү жарандар арбын. Алардын бири Жамалидин Эргешов. 

62 жаштагы Жамалдин Эргешов биринчи топтогу майып. Төрөлгөндө эле эки көзүнөн химиялык күйүк алган. Көзү азиз болгонуна карабай жаштайынан чыгармачылыкка жакын өскөн Жамалдин ыр жазып, обон чыгарып аларды аткарып келет. Көп жылдар бою Кызыл-Кыя шаарынын маданият үйүндө да эмгектенген.

Коомдук иштерге жигердүү аралашып жүргөн Жамалдин Эргешов жакында КТРКнын “Кыз-жигит сармерден” долбооруна катышып талантын элге тартуулады. Бул үчүн каарманыбыз “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Аны менен кошо бул долбоорго Азамат Жоробай уулунун демигеси менен элүүдөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.
Мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону менен Жамалдин сыяктуу жарандар иш менен камсыз болсок деген ойдо. Алардын пикиринде атайын ишканалар ачылса эмгектенип, үй бүлөсүн багууга шарт түзүлмөк. 



Новости по дате