http://ktrk.kg/Баткак жол, тез жардам кызматын күткөн эл

Баткак жол, тез жардам кызматын күткөн эл

2 Дек , 12:13 80

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Майлуу-Суу шаарына караштуу Кара-Жыгач айылынын жолу өтө эле кейиштүү абалда. Бул жолдон тажаган тургундар "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Жолубуздун кейпи бул. Баткак жолдон унаалардын жүрүшү кыйын эле болуп жатат. Тез жардаи чакырсак, жолдун азабынан кеч келишет, жамгыр жааган күндөрү келбей да коюшат. Мэрияга деле кайрылганбыз, бир жолу келип көрүп койгон жок. Жол транспорт министри ушул жолубузган асфальт төшөп беришин суранабыз,- деген айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге,  кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 

Новости по дате