http://ktrk.kg/Маршрутка күткөн окуучулар

Маршрутка күткөн окуучулар

2 Дек , 13:54 179

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо-3 жаңы конушуна каттаган маршруткалардын аздыгынан мектеп окуучулар кыйналып жатышат. Бул тууралуу автор "Элдик репортер" кайрылган. 

Менин кайрылуумдун себеби, маршутканын аздыгы. Элдер батышпайт, тыгылышып түшүшөт, балдар мектептен үйгө жетүү үчүн өтө коопту жагдайларда маршруткага тыгылышып барышат. Тагыраагы Ала-тоо-3 жаңы конушунда жолдор начар, ошонун себебинен маршутка аз. Эли абдан көп, мектеп, бала бакча, поликлиника жок. Ошондуктан балдар ар кайсы жакыныраак мектептерге маршрутка менен барууга аргасыз. Айрыкча эртең менен жана кечкисин №173 маршруттун күтмөй, келгенде тыгылып кетмей. Суукта 1 2- класстын окуучуларын көрүп, жүрөгүн эзилет. Айдоочулар аракет эле кылышат, часпикте шаарга чейин чыкпай мектептин жанынан эле салып кеткенге, бирок майнап жок,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге,  кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 

Новости по дате