http://ktrk.kg/Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору

Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору

2 Дек , 21:55 271

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошто түрксой эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отуруму жана “Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылуу аземи болуп өттү. Отурумда кеңештин декларациясы кабыл алынды.

30-ноябрда Ошто түрксой эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отуруму өттү. Ага, уюмдун баш катчысы Дюсен Касеинов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, жергиликтүү расмий жетекчилер катышты. Отурумда, “Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбооруна баа берилди.

Эске салсак, 2018-жылы декабрь айында Түркиянын Кастамону шаарында уюмга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-отурумунда 2019-жылы Ош шаары -Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары белгиленүүсү тууралуу чечим кабыл алынган. 



Новости по дате