http://ktrk.kg/Чаңга көмүлгөн тургундар, көмүр ташыган унааларга нааразы

Чаңга көмүлгөн тургундар, көмүр ташыган унааларга нааразы

3 Дек , 17:17 112

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булуң айыл аймагынын чаңдуу жолунан түйшүк тарткан тургундар "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Миң-Куш шаарчасында 9 карьер бар, ошол карьерден көмүр таашыган 90 унаанын чаңы Сары-Булуң айылында жашаган тургундардын үйлөрүн каптайт. Балдарыбызды мектепке ташыган маршрутканын абалы бир укмуш. Эскилиги жеткен. Депутаттар жылына каражат которушат, бирок ал бөлүнгөн каражат кайда кеттип жатканы белгисиз,- деп ачууланган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате