http://ktrk.kg/Тазалык ишканасы таштандыларды убагында алып кетпейт

Тазалык ишканасы таштандыларды убагында алып кетпейт

3 Дек , 18:24 138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таш-Көмүр шаарындагы Мендигулов аймактык башкармалыгында таштандылар убагында алынбай жатат. Тазалык ишканасы такыр иштебейт. Акыр-чикирлерди малдар аралап жүрөт. Мэрияга канча кайрылдык, эч кандай жыйынтык жок. Убагында тазаланбайт. Тазалык ишканасына жергиликтүү бийликтен 700 миң акча бөлүнүп берилген. Ал каражатка техникалар сатылып алынган. Азыркы учурда ал техникалар жараксыз абалда, гаражда сакталып турат. Шамал болгондо таштандылар учуп, турак үйлөрдү каптап жатат, Тийиштүү органдар чара көрүшүн суранабыз,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате