http://ktrk.kg/Кыргызстандагы SOS балдар айылы 20 жашка толду

Кыргызстандагы SOS балдар айылы 20 жашка толду

16 Май 2016 , 9:10 2481

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул мектепте азыр Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 4 жаштан 14 жашка чейинки ар кандай улуттагы жана диндеги балдар бактылуу жашап келет. 

Учурда 142 бала тарбияланып жаткан болсо, мектеп ачылгандан бери баардыгы болуп 11 миң баланы уядан учурган. Бул мектепте тарбияланып жаткан наристелердин баары ушул жерден келечекке үмүт алышкан жетим балдар. Алар үй-бүлөгө жакындаштырылган шарттарда жашап, ошол жерден алар үйлүү, апалуу жана чоң үй-бүлөлүү болушту. 

20 жылдык туулган күнгө карата мектептеги өнөрлүү балдар ырдап-бийлеп, келгендерге ар улуттун кийимдерин даңазалап, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анткени мектеп ачылгандан тартып эле, мындай балдарга үй-бүлөдө жашап, тарбияланууга мүмкүнчүлүк берүү ишин алып барат. 

Бардык кызматкерлер бир үй бүлөдөй болуп ар бир баланын укугун сыйлашат жана коргошот. Балдар кружоктордо, спорт секцияларында машыгып, музыкалык мектептерде, чет тилдерин окуу жана башка билим берүү борборлорунда окушат.


Новости по дате