http://ktrk.kg/Телеберүүлөрдүн 50 пайызы атамекендик өндүрүштөн болушу шарт

Телеберүүлөрдүн 50 пайызы атамекендик өндүрүштөн болушу шарт

5 Дек 2019 , 10:36 330

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Телерадио берүүлөрдүн мазмунунун 50 пайызы атамекендик өндүрүштөн болушу шарт. Бул туурасында телерадио уюмдарынын өкүлдөрү менен болгон ачык жолугушууда айтылды. Шарт боюнча Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти телеканалдарда мамлекеттик тилдин нормаларынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Департаменттин директору Салкын Сарногоеванын билдирүүсүндө, телекөрсөтүүлөрдүн эфири текшерилди. Санариптик берүүдөгү телеканалдардын жалпы тизмесиндеги 33 каналда берүүлөр 561 саат же 33 миң 660 мүнөттү түздү.

"Көрсөтүүлөрдүн 50 пайызы жергиликтүү телеканалдын өзү өндүргөн продукциясы болушу керек деген талап бар. Эми бардык телеканалдарга таалап күчөтүлөт. Каналдардын иштөө убактысын көзөмөлдөйбүз. Ошондой эле 50 пайыз мамлекеттик тилде чыгышы зарыл",- деди Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева.

Новости по дате