http://ktrk.kg/"Ак-Жол" өткөрмө жайында жаңы тутум ишке кирди

"Ак-Жол" өткөрмө жайында жаңы тутум ишке кирди

5 Дек 2019 , 21:45 582

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын төрт чек ара пунктунда онлайн башкаруу тутуму киргизилди. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдыбар" жана кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өтмөктөрүнө байкоо камералары орнотулду. Бул иштер чек ара инфратүзүмүн жакшыртуу алкагында жасалып, үч этаптан турат.  

 Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пункту күнү-түнү иш алып барат. Мында бир суткада 14 миңге чейин адам, бир жарым миң транспорт кирип-чыгат. Буга чейин өтмөк толук байкоо камералары менен жабдылса, эми борбордук аппараттын автоматташтырылган башкаруу тутумуна кошулду.
Мындан тышкары чек ара кызматынын соңку 10 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул аралыкта 33 млн сомго бааланган аткезчилик менен алынып келе жаткан жүк, 4 миң тонна баңгизаты кармалган. 






Новости по дате