http://ktrk.kg/ЕАЭБдин беш жылдыгынын урматына атайын поезд каттамы ачылды

ЕАЭБдин беш жылдыгынын урматына атайын поезд каттамы ачылды

9 Дек 2019 , 12:43 528

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Евразия экономикалык биримдигинин беш жылдыгынын урматына Москва метросунда атайын поезд каттамы жүрө баштады. Анда жүргүнчүлөр интеграциялык биримдикке кирген өлкөлөр тууралуу кызыктуу маалыматтарга ээ болушат. Мындай саамалык КМШнын экономикалык кеңешинин 84-жыйына туш келди. 

Москва метрополитениндеги айланма жолдо тематикалык поезд жүрө баштады. ЕАЭБдин 5 жылдыгына карата ишке кирген поезд, өзгөчө дизайнда жасалгаланган. Бул өзгөчө поезддин жүргүнчүлөрү биримдикке кирген мамлекеттер тууралуу, ошондой эле өлкөлөлөрдүн өндүрүш өзгөчөлүгү, улуттук каада-салты жана тамак-ашы тууралуу кызыктуу маалыматтар менен тааныша алат. Ар бир вагондогу Евразия экономикалык биримдиги тууралуу түшүндүрмөдөн, биримдиктин эмне себептен, качан жана кантип түзүлгөнүн окуп билип алса болот. Бул тематикалык поезд жарым жыл жүргүзүлүп, бул убакыт арылыгында 3 миллион жүргүнчүнү ташымакчы.

Бул күнү КМШнын экономикалык кеңешинин 84-жыйыны да болду. Анда каралган бир топ маселелердин катарында темир жол транспортундагы тарифтик саясаттын биргелешкен Концепциясынын түзүлүшү дагы талкууга алынды. Кийинки жылы жыйынга Өзбекстан төрагалык кылат. Бул арада кошуна мамлекеттердин өкүлдөрү, логистикалык борборлорду түзүп, темир жол коридорлорун эффективдүү пайдалануу боюнча ойлорун ортого салды.

Маалымат каражаттарында Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат бир канча ирет жарыяланган. Жыйындын жүрүшүндө негизги көңүл, 2030-жылга чейин КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясы боюнча долбоорго бурулду. Ошондой эле, Түркмөнстандын жыйынга төрагалык кылган бул жылдын жыйынтыктары дагы чыгарылды.

Новости по дате